Кыргыз Республикасынын Калуга шаарында жана Калуга облусундагы Ардактуу консулу

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары


Жарыяланган   10-06-2026



2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Бул- этностук спорт түрлөрү боюнча эл аралык мелдеш болуп эсептелет.
Аталган оюндар көчмөн элдердин спортун, тарыхын, маданиятын жана улуттук ашканаларын бириктирип,  маданий мурасын даңазалоого арналган.
Мелдештин программасы сегиз багыт боюнча бөлүнгөн 43 улуттук жана салттуу спорт түрүн камтыйт:
дүйнө элдеринин улуттук оюндары;
ат спорту;
салттуу күч сынашуу спорт түрлөрү;
интеллектуалдык оюндар;
жаа атуу;
куш салуу менен аңчылык кылуу;
күрөш;
этноспорттук дисциплиналар.
Ачылыш жана жабылыш аземдери Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» стадионунда өткөрүлөт. Негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда, көлдүн жээгинде жана Кырчын жайлоосунда уюштурулат.

Улантуу