Кыргыз Республикасынын Калуга шаарында жана Калуга облусундагы Ардактуу консулу

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар планынын алкагында маданий иш-чаралар уюштурулду.


Жарыяланган   30-05-2025



Ардактуу консул Калуга облусунда жашаган кыргыз өкүлдөрүнүн Калуга аймагындагы элдердин тилдеринде көркөм окуу боюнча фестиваль-сынакка катышуусун камсыздады. Бул сынак бешинчи жолу өткөрүлүп, жыл сайын кеңири популярдуулукка ээ болууда. Быйыл ага 250дөн ашуун талапкер арыз берген. 8 жаштан 15 жашка чейинки курактык тайпада өзүнүн мыкты аткаруусу менен көрүүчүлөрдү жана калыстар тобун суктандырган Умсунай Жаркынбаева биринчи орунду ээледи. Мындан тышкары, Ардактуу консул Калуга облусунда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн Жеңиштин 80 жылдыгынын алдында Калуга шаарындагы Жеңиш аянтындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Түбөлүк отко гүл коюу аземине катышуусун уюштурду. Иш-чарага «Достук» орус-кыргыз достук коомунун өкүлдөрү, Россия элдеринин ассамблеясынын Калуга аймактык бөлүмү жана Калуга облусунун Ички саясат министрлиги да катышты. Аземдин катышуучулары Түбөлүк отко гүл коюп, совет элинин эрдигине терең урмат көрсөтүштү.


Улантуу