Bishkek International Tourism Fair 2026 – Кыргызстандын эң ири туристтик көргөзмөсү 30-апрелден 2-майга чейин Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Көргөзмөнүн негизги багыттары:
•
туроператорлор, туристтик агенттиктер, авиакомпаниялар жана транспорттук компаниялар;
•
Кыргызстан жана чет өлкөлөр боюнча туристтик продуктылар;
•
топтук жана жеке турларды уюштуруу;
•
ачылыштар жана перспективалар; саякатчылар үчүн кызыктуу өлкөлөр жана аймактар;
•
стратегиялык приоритет катары экологиялык жана туруктуу туризм;
•
экстремалдык, укмуштуу жана активдүү туризм;
•
маданий, этнографиялык жана гастрономиялык туризм;
•
мейманкана бизнестери жана кызматтары:
•
мейманканалар, отелдер, гестхаустар, боз үй шаарчалары, хостелдер;
•
курорттор, санаторийлер, wellness жана SPA борборлору;
•
ресторандар, кафелер жана туристтер үчүн ыңгайлуу жашоо жана эс алуу үчүн жогорку сапаттагы тейлөө; кызмат көрсөтүүлөр.