2026-жылдын 27-майында Курман айт майрамына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, ага 150дөн ашуун адам катышты.
Майрамдын алкагында Калуга облусунда жашаган Кыргыз Республикасынын эң активдүү жарандарына ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылып, спорттук мелдештер менен сынактар өткөрүлдү.
Балдарга өзгөчө көңүл бурулуп, алар үчүн аттракциондор жана атайын оюн аянтчалар иштеди.


